super.kg logo
  Саясат  

Текебаев бийликти күнөөсүз камалгандарды чыгарууга үндөп, анын арасына Мелис Мырзакматовду кошту

 

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу "Ата Мекендин" лидери Текебаев Жалал-Абад облусундагы Акман айылындагы тарапташтары менен болгон жолугушууда айтты.

Өз сөзүндө саясатчы абактагы күндөрү тууралуу айтып, ал жерде күнөөсүз жаткандардын баары чыгышы керек экендигине токтолду. Ал Өзбекстанды мисал келтирип, Курман айт майрамында өзбек бийлиги 2 миңдей адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарарын белгиледи. Муну менен катар эле Текебаев кыргыз бийлигинде да ошондой мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

"Кыргыз өлкөсүндө саясий куугунтукталгандар көп. Анын бири Мелис Мырзакматов, жакында телефон аркылуу мени куттуктады. Ал чет элде жүргөн түрмөдөн жаман экенин айтты. Түрмөдө жакындарыңыз келип-кетип сүйлөшүп турасыңар, эркин, бирок чет элде жүргөн бул камактан да жаман экен деп айтты. Аны Оштогу көпүрөнү туура эмес курган деп иш козгогон. Ага кошуп дагы 20 кишиге иш козголгон, 19у акталды. Баары акталса Мелис эмнеге акталбашы керек?", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: