Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылды
Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, Тажик чек арачылары эскертүү катарында асманга ок атышты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылына жакын жердеги Ак-Сай дарыясынын жээгинен Кыргыз жарандары унаага майда таш жүктөп жатышкан. Бул арада жээктин аркы өйүзүнө Тажик чек арачылары келип, 3 жолу асманга ок атышкан.
"Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп билдирет Чек ара кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

бир ок атылды деп эле жазасынар.. Канчанчы ок атылганын эле эсептеп жазып койгула 173ок деп ок атылып жатат бирин артынан бири, А чегара койгойу качан чечилет качан (дагы бир ок) атылбай калат Чон кастюмдар качан окту токтотот??? Чегарада жашаган Бир туугандар Алла силерге куч кубат сабр берсин.