Парламент комитетинде Солтон-Сарыдагы чыр жана учурдагы кырдаал жөнүндө маселе каралат
Бүгүн, 3-сентябрда парламент комитетинде Солтон-Сарыдагы чыр жана учурдагы кырдаал жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети аталган маселе боюнча өкмөттүн баяндамасын угат.
Баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасайт.
3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.