super.kg logo

Мирбек Атабеков милиция кызматкерлерине, журналисттерге жана күйөрмандарына ыраазычылык билдирет

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоногон жаранды кармагандарга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал видео даярдап, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анда ал үй-бүлөсүнө, апасына, карындашына тиешелүү кайгылуу окуя болгонун, ал баарына белгилүү экенин айтат. Ошол окуяга тиешеси бар адамдардын тобунун башчысы кармалганын белгилеп, милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын айткан.

"Бишкек ШИИББине, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнө, жалпы жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Азыр тергөө процесси жүрүп жатат, ошондуктан мамлекеттик органдарга, сот системине, прокуратурага кайрылып кетейин. Бул ишти аягына чейин адилеттүү карап берүүңүздөрдү суранам. Урматтуу кыргыз элим, сиздердин колдооңуздарга рахмат. Өзгөчө журналисттерге, менин жакындарыма, күйөрмандарыма рахмат", - дейт видеодо.

Ал эми ырчы видеокайрылуу жасаганын себебин мындайча түшүндүрдү. "Шектүүлөр жактоочуларга, сотторго акча берип чыгып кетишин каалабайм".

Окуянын чоо-жайы:

Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчынын апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. Кечээ, 2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы Б.М. Караколдун кафелеринин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






Мирбек Атабеков ыраазычылык билдирет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.09.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ырдабай эле кой Мирбек
03.09.2019. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
katerina.li,к....ө кирип атабы?только негатив жазасың?
03.09.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчаны ондур дагы озун кое бер, эл оозундагы адамсын кечиримдуу бол! Итке тенелип ит болуп соттошуп абийиринди тушурбо, таш менен урганды аш менен ур
03.09.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kechirmeni,Апасын карындашын уруп колун байлаган адамды кантип кечирсин? Соттош керек
03.09.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aman_Mansurov,
Алла Таалам кекчилди текеберлерге берген!мусульмандарга эмес.Атанды олтургонго апанды бер деген создан маанисин тушунуш керек.Алла Тааламдын ыразылыгы учун кечирип ага сабак болгудай болуш керек.Балким андан кийин жакшы долго тушуп кеттеттир.Баары Бир-гана Алладанда.
03.09.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек красавчик куйормандарын сен менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: