Бишкектин Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташ (фото, видео)
Фото жабыркаган тараптын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды


Фото жабыркаган тараптын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды

Фото жабыркаган тараптын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды

Фото жабыркаган тараптын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкекте Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Бул тууралуу жаракат алган жарандардын жакындары 2-сентябрда SUPER.KG порталына маалымдашты.
Мушташтын кесепетинен 1988-жылы туулган М.А. жана Б.У. аттуу жарандар катуу сабалган абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бишкек ШИИББинин билдирүүсүндө аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138 (денеге оор залал келтирүү) жана 266 (бейбаштык) беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жабыркаган тараптын кайрылуусун жана окуя тууралуу кененирээк маалыматты бир нече убакыттан кийин видеорепортаждан көрө аласыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-3

Мындайга конул да буруп койбосо керек
Убактысы бовойт