super.kg logo

Үрөй учурган мушташтан 2 жигит комага түштү. Сабалган балдардын жакындары эмне дейт? (видео)

 

28-август күнү Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташтын кесепетинен жабыркаган жарандардын жакындары "бул иш акыйкат иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын алсын" деп коомчулуктан жана тиешелүү тараптардан жардам сурап SUPER.KG порталына кайрылышты.

Жабыркаган тараптын жакындары “күч органдары ишти жашырууга аракеттенип кечиктирип жатат” деп тынчсызданышууда.

"Инимди сабаган балдардын байкеси күч органдарында иштейт экен, ал балдарды чакыртып келип, кайра менин инилеримдин үстүнөн өздөрү тийишкен деп арыз жаздырып кеткен экен. Ленин райондук прокуратурага кайрылганбыз, ошондо алардын кийлигишүүсү менен иш алдыга жыла баштады. Азыр инилеримдин абалы оор, өздөрүнө келе элек. Бир жумадан кийин операция кылабыз деп жатышат. Баш сөөгү да сынган, катуу залака келген, башындагы шишиги кайтпай жатат. Пластик коёбуз дешүүдө, өзүнө келеби же келбейби белгисиз", - дейт жабырлануучулардын биринин эжеси.

"Биздин бир туугандарыбызды сабаган балдар мыйзамдын чегинде жооп бериши керек. Алар өз жазаларын алсын. Биз жалпы тиешелүү тараптарга, укук коргоочуларга кайрылып кетер элек, бул иш акыйкат иликтенүүсүнө жардам берүүңүздөрдү суранабыз", - деди жабырлануучулардын биринин балдызы.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринчиси Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясында дарыланып жатканын, ал эми экинчи жабырлануучу ооруканага түшкөндө оор абалда нейрохирургиянын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын айтты. Азыр бейтап жалпы палатага которулганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
03.09.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ай Бир жакшынакай баланы чала олук кылып сабаган кандай акмактар. Силердин Бир тууганынарды ушинтип олтуро сабаса жакшы болобу
03.09.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Милицияда иштеген тууганын камака алуу керек жанындагы шериктери менен кошо сабак болсун башкаларга
03.09.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушунчалык таш- боорлук жана жанындагы элдердин кайдыгерлиги окундурот, бироонун убалына калдынар, эми операция болуп башына пластик койсо инвалид болуп калат. Жооп беришсин
03.09.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Милицияда иштеген тууганы дагы жазага тартылсын
03.09.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошол жерге келген 2 милицияны тен камап, эркинен ажыратыш керек, сонуш берип кутулуп кетпей...

Тиги 2 баланы камаш керек, бери болгондо 6 жылдан ар бирин..
03.09.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ой акмактар кандай гана мыкаачы башына канча жолу тепкен бери жактагы балдар карап турат го кино көргөндөй.
03.09.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кашкар Жунушалиевдин козомолундо экен королу эл астында акыйкаттык чечим чыгарып бериниз буларда биронун суйуктуу жары, атасы, бир тууганы , баласыдыр
03.09.2019. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бок курсактар кыйын болсоңор бойго түшпөйсүңөрбү
ilgizk түзөттү 2019-09-03 20:54:24
04.09.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бутун сынсын айбан. Ошо тепкен бутундан айрылып кал. Ошондо ошо мент тууганынды ортого сала алат бекенсин, ошо мент тууганын бут таап бере алат бекен сага. Мин куноо андан кетсе да жерде эси ооп жаткан адамды мынча тепкилеген. Милициядан кутулсан бул баланын туугандары сенин тубуно жетет али, тушундон чочуп ойгоносун омур бою.
04.09.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул тепкен бутунардын азабын тартып, омур бою кыйналып отсонор экен! Жашоо - бумеранг, мумкун сен азыр таанышын бар, кызматын бар кыйынсын, бирок балдарын бар, жакын адамын бар ошолорго кайрылып келээрин ойлон! Кудайдын бар экенин ойлон, акмак!
04.09.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жерде жаткан адамды тепкен адам кейпиндеги айбан!!! Көпкөн немелер экенсиңер көпкө узабайсыңар го бул жүрүшүңөрдө!!!
04.09.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар,айбандар бутун сынгыр,ылайым шал болуп кал!Бул эмне деген кайдыгерлик,кайтар дуйно ошол жакта турган баардык кайдыгерлерге кайтсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: