super.kg logo

Өкмөт: "Сары-Чат—Ээр-Таш" коругунда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес, жүргүзүлбөйт дагы"

 

Бүгүн, 3-сентябрда өкмөт "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругу тууралуу айтылып жаткан кептер боюнча билдирүү таратты. Анда корукка кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат туура эместиги жазылат.

"Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат да чындыкка дал келбейт. Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы. Сөз болуп жаткан 16 миң гектар жер "Сары-Чат - Ээр-Таш" коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес.

Буга байланыштуу баарыңыздарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырабыз. Ошону менен бирге Кыргыз өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет.

Белгилүү болгондой, 26 миң гектар жер аянты Кумтөр Голд Компаниге 1997-жылы берилген. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Баса белгилей кетүүчү нерсе, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу каралган эмес жана сөз да болгон жок. Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 миллион доллардан дагы 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишүүдө", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.09.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такаталбаган мааламатты айтып тараткан эл бузар прессаларды жоопкерчилике тартыш керек
04.09.2019. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erik2018,орусча айткандай Атамбаева на вас нет))))
03.09.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Сары-Чат - Ээр-Таш" коругуна уруксат берди деп калп маалымат тараткандар эми жазаланабы? Азыркы бийлик коркукту кордой тургандардан эмес деп ишенем. Ушул маалыматты элге жеткириш керек. Болбосо калп сөздөр бат тарап кетип жатат
03.09.2019. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саман орттонуптур десе Самарканд куйуптур дегендей жалган маалыматты тараткандарды жазага тартуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: