Кыргыз режиссёрлору тарткан кыска метраждуу тасмалар эл аралык фестивалга катышууда
Кыргыз тасмалары Казакстанда өтө турган "Байкоңур" кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалына катышат. Фестиваль 4-8-сентябрь аралыгында болорун Кинематографисттер департаментинин маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган иш-чарада режиссёр Данияр Абировдун "51+" жана Караш Жанышовдун "Кош бол" кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлүп, калыстардын сынына коюлат.
"Байкоңур" фестивалы - жаш киночулардын эмгеги менен таанышып, алардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана кино тармагындагы жаңы ысымдарды жаратуу болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.