super.kg logo

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын даттануусу боюнча эки соттук отурум болот

 

Бүгүн, 4-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын даттануусу боюнча эки соттук отурум болот. Жактоочу Замир Жоошов соттук отурумдар кайсы жерде өтөрү белгисиз экенин айтып буларга токтолду.

"Биринчи отурум 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча өтөт. Бул иш Бишкек шаардык сотунда саат 11:00гө белгиленген. Азырынча кайсы жерде болору белгисиз болуп жатат. Анткени соттук отурумга Атамбаевдин келиши шарт. Мындан улам аны алып чыкпоо үчүн УКМКдан эле өткөрүп коюшу мүмкүн.

Ал эми экинчи соттук отурум Биринчи Май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечими боюнча болот. Ал саат 11:30га белгиленген", - деди жактоочу.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: