super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттары милдеттерин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтү бар экенин билдирди

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарланды.

Жолугушууда өлкөнүн мыйзам чыгаруучу базасын жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болгондугу жазылат маалыматта. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин төрагасын өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, анын депутаттар үчүн өзгөчө маанисин белгиледи.

"Анткени ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы үчүн жыйынтыктоочу болуп эсептелинет. Президент Жогорку Кеңештин депутаттары өз милдеттерин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. Ал парламентарийлер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана жарандардын жашоосун жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурушат деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы бул багытта өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жакын арада парламенттин алдында турган пландар тууралуу айтып берди", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: