super.kg logo

Үрөй учурган мушташта ур-тепкиге алгандар кармала элек

 

Бишкектеги Жал кичи районунда үрөй учурган мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков кармала элек. Учурда сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.

Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
04.09.2019. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Министирдин сөзү өтпөй калган заман болгонбу же алар деле эл алдында балп этип мындай билгенини кыл дешеби түшүнбөйм ошол күнү таап келсе болот ИИМдин министири премьер министр айткандан кийин
04.09.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаман иш болуп Кетти. Милиция озу жааап жашырып аткандан кийин кайдан кармалмак эле?? Министрге чооон минус
04.09.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Курсанды чыгаргыла ошол кармап таап келет, анан Кашкар мен уже кармап аттым эле десин ))
04.09.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мас же чегип алган эмеспи бул балдар, соого окшобойтко
04.09.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alia82,Булар буга чейин да ушундай иш кылып журушконбу дейм себеби карапайым адам биринчи жолу мынчалык бироону токмоктобойт. Менимче бул иш аларга конук нерсе
04.09.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чынында милиция тапкысы келсе 1 саата табат
04.09.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тапкыла ,табып ошол жерде жургон милиция кызматкерлерине кошо катуу жаза бергиле.эгер ушул ишти аягына чыгара албасанар,таппайтабыз деп олтурсанар эмненер укук корго органысынар.менттер тапкысы кылсе Бир саатта табышат.
Shabi түзөттү 2019-09-04 11:46:07
04.09.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Башка еле бир балдарды апкелип мойнуна алдырып койбосо еле
04.09.2019. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кантип эле тапбайт Бишкек ШИИББи элди лох деп ойлоп жатасынарбы?! Элди ечнерсени тушунбойт тупой дейт окшойсунар е... табууга жардам сурайт дейт колунардан иш келбесе эмнеге иштеп журосунор! Тиги Чуй ОИИББда иштеген байкесинен эле жакшы сурасанар айтып берет каерге жашырганын.
04.09.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Курсандын баласын андыгандай тапсанар бир заматта табасынар. Бул жерде Кашкар озу жашырып жатат го же Раим жашырып алганбы?
04.09.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tolik777,ооба десен купкундуз андый албай калышыппы
04.09.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тиги челектерди айткыла оздору кое бердиби оздору таап келсин бекиткен жерлеринен
04.09.2019. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тууганын камасаңар өздөрү эле таап беришет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: