super.kg logo

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасын издөөдө келтирилген чыгымдар төлөндү

 

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп изделген. Ал аман-эсен табылгандан кийин, издөө иштерине кеткен чыгымдарды төлөдү. Мындай маалыматты аталган фонддун басма сөз катчысы Бегимай Азимжанова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Издөө иштерине жалпы 17 куткаруучу, алардын алтоосу суучулдар катышкан. Атайын ыкчам штаб түзүлгөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев фонддун төрагасын издөө иштерине бардык күчтү жумшоону тапшырган. Учурда куткаруу, издөө операциясында келтирилген чыгымдар кайтарылды. Анда мамлекеттик резиденциядан 400 литр, жергиликтүү бийликтен алынган 600 литр күйүүчү майдын чыгымдары төлөндү. ӨКМ келтирилген чыгымдар үчүн кайтарымды алуудан баш тартты. Мындан улам Эркин Шамшудинович министрликке суучулдар үчүн шайман тартуулайт", - деп жазылат билдирүүдө.

Эркин Асрандиев 31-август күнү Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жатканы жана аны куткаруучулар издөөгө алганы маалымдалган. Ал 1-сентябрга караган түнү 02:10 чамасында аман-эсен табылган.

Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдө сүзүп баратып, дайынсыз жоголгон. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” жана “Москва” кемеси, 1 катер тартылып, саат 02:10 чамасында дайынсыз болгон киши аман-эсен табылган. Ал Тоң районунун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.09.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну жумуштан айдап. Сууда сузуу боюнча машыктыруучу кылыш керек.
04.09.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте акча фондтон болгондон кийин ар бирине машине алып берсе деле болмок .Россия өнүксүн ушулар деп берген акчаны майдалап жыргап жатышат да булар.
04.09.2019. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан онукпой жатса сизге сууда эмне бар экен. Бир аз онугуп алалычы анан Темир Сариевич менен сизди далай жолу жарыштырабыз. Азыр иштешибиз керек убакыт жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: