super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Мурас-Ордо конушундагы окуучулар быйыл кошуна айылдагы авариялык абалдагы мектепке барып окууга мажбур болушууда" дейт окурман

 
Калыс-Ордо конушундагы мектеп

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушуна салынып жаткан мектептин курулуш иштери аяктабай балдар ара жолдо калганын окурман билдирди. Анын айтымында, окуу жылы башталганда тургундар балдарын кайсы мектепке алып барарын билбей калышкан.

"Үй-бүлөм менен Мурас-Ордо жаңы конушунда жашаганыбызга 6-7 жылдын жүзү болду. Конушта буга чейин мектеп жок болчу. Жаңы мектеп үчүн жер бөлүнүп, курулуш иштери башталган. Андан бери 4 жарым жыл өттү, курулуш иштери бүтө элек. Мындан улам балдарыбыз мектепке бара албай калышты. Тагыраак айтканда, быйыл балдарыбыз кайсы мектепке барары тууралуу бизге алдын ала маалымат берилген эмес. Быйыл окуу башталганда мэриядан Калыс-Ордо конушундагы мектепке баргыла дешти. Калыс-Ордодогу мектеп авариялык абалда турат. Эртеңки күнү мектептин дубалы урап кетсе же катуу суукта балдарыбыз ооруп калса ким жооп берет?

Былтыркы жылы окуучулар Степное айылындагы мектепте окушкан. Биз, ата-энелер бул маселени тиешелүү органдар тез арада чечип берүүсүн суранабыз. Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектептин курулуш иштери аяктаганга чейин балдарыбыз мурда көнүп калган Степное айылындагы мектепке баруусун талап кылабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.09.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыс ордодо жаны мектеп салынбады беле Кулматов салды элего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: