super.kg logo

Мектепти эбак аяктаган Өзгөн өнөрпоздору окуучулук күндөргө кайтып барышты

 

Өзгөн өнөрпоздору билим берүү тармагындагы кызматкерлерди, окуучуларды билим күнү менен куттуктап, өзгөчө белек жасашты. Тагыраагы, ырчылар видео даярдап, аны социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Видеодо ырчылар ак көйнөк, кара шым кийип, моюнуна кызыл галстук байлап алганын көрүүгө болот.

Аталган шериненин мүчөсү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева кызыл галстукту ырчы Гүлназ Чыныбек кызы даярдаганын айтып буларга токтолду.

"Биздин шериненин мүчөлөрү абдан ынтымактуу. Бир айда бир жолу чогулуп шерине өткөрүп турабыз. Шеринеде жөн гана отуруп, ырдап кетпестен, күйөрмандарыбызга кызыктуу бир видео жасап келебиз. Ырчылар Дайыр Исмадияров менен Гүлназ Чыныбек кызы топтун эң активдүү мүчөлөрү десем болот. Бул жолу алардын бири отурушубузду окуучулук күндөргө байланыштуу өткөрөлү десе, бири баарыбызга галстук таап келди", - дейт ал.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова бир айда бир жолу өтүүчү шерине дайыма өзгөчөлүктөр менен коштолорун айтат. Ал 1-сентябрь, мектеп дегенде дароо эле пионер болгон күндөрү эске түшөрүн билдирди. Ал эми ырчы Кенже Дүйшеева дагы ушул шериненин курамында. Ал мугалимдерди, окуучуларды билим күнү менен адаттагыдан башкача кылып куттуктайлы деген пикирин айтты.

Бардыгынын моюнуна кызыл галстук таккан Гүлназ Чыныбек кызы бир күн бою "Ош базардан" пионердин галстугун издеп убара болгон.

"Буга чейин бардыгыбыз ак көйнөк менен кара шым кийип келебиз деп сүйлөшкөнбүз. Бул жолку шеринени мен өткөрүп жаткандыктан галстуктарды өзүм даярдамакчы болгом. Бир күн бою "Ош базарды" кыдырып пионерлер тагынгандай галстук таба албай койдум. Анан кызыл кездеме алып, тигүүчү жайлардын биринен галстук тиктирип келдим", - дейт ал.

Өзгөн өнөрпоздорунун шеринесинде Алтынай Нарбаева, Гүлзада Рыскулова, Кенже Дүйшеева, Кыздаркан Келдибекова, Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, KG Элмурат, Гүлназ Чыныбек кызы, Эрнис Бөрүбаев жана башкалар бар.






Өзгөн өнөрпоздору окуу жылы менен куттуктайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.09.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекерчи оюн карак немелер да
05.09.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdizhapar,кыргыздар негативден качан арыласынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: