super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Тажикстан менен болгон беттеш эң негизги оюн деп эсептебейм"

 

Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйында эртеңки Тажикстан менен боло турган беттеш тууралуу ойлору менен бөлүштү.

- Тажик тарап жакшы тосуп алды, аларга ыраазчылык билдирем. Тажикстан менен болгон оюнга даярдык план боюнча жүрдү. Команданын маанайы мыкты, оюнга даярдык олуттуу. Беттеш Бишкекте же Дүйшөмбүдө болобу, Тажикстан менен ар дайым кызыктуу оюн көргөзөбүз. Андыктан, эртеңки оюн дагы кызыктуу жана чыңалуу менен өтөт деп ойлойм.

- Бул оюн тайпадагы эң негизги учур деп ойлойсузбу?

- Мен Тажикстан менен болгон беттеш эң негизги оюн деп эсептебейм. Бул беттеш бир жагынан чечүүчү, экинчи жагынан алып караганда тайпадагы ар бир беттеш алтынга тете. Эң негизги учур акыркы тайпалык оюндар калганда болот. Ал эми бул башталыш. Башталышта толкундоо гана болот.

- Тажикстан жөнүндө эмне айта аласыз?

- Биз акыркы оюндарын көрдүк. Күчтүү, алсыз тараптарын карадык. Машыктыруучу алмашкан, курамда бир катар өзгөрүүлөр болгон. Биз эртеңки оюнда бардык варианттарга даяр болуудабыз. Тажик тарап деле бизди ар тарабыбыздан изилдеп жатат.

- Командаңыз 1-сентябрда гана чогулду. Даярдыкка убакыт жетиштүү болдубу?

- Биздин курамда бир катар оюнчулар чет өлкөлүк клубдарда ойношот, андыктан алардын келиши ушул датага туура келип калды. Биз бул нерсеге даяр болчубуз.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
04.09.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик шумкарлар! Аллах колдосун.
04.09.2019. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик. Группадагы экинчи орунду алууга ушул оюн чечуучу оюндардын бири болот, созсуз турдо женуу керек
04.09.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир оюнду эн негизгиси деп тушунгуло, ошондо гана женишке жетесинер...
Ийгилик, Алга Кыргызстан!!!
04.09.2019. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси жыйынтык жеңиш менен кайтып келгиле ийгилик ак шумкарлар
04.09.2019. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик. Ийгиликке жетпесе крестининди жумуштан кетириш керек акыркы ойундарда көрсөткүчтөр анча эмес
04.09.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик кубаныч жениш менен кайткыла. Алла фудболистерге куч кубат берсин!
05.09.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак шумкарлар силерге ишенебиз
05.09.2019. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уткула уткула уткула
05.09.2019. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мактанып атып утулуп калбагыла шалпайып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: