super.kg logo

"Дордой" базарында ири суммадагы акча уурдаганга шектелип, 28 жаштагы кыз кармалды

 

Бишкекте акча уурдоого шектелген 28 жаштагы кыз кармалды. Ал "Дордой" базарында жүргөн жарандын сумкасынан 358 миң рубль (377 миң 737 сом) акчасын алып, изин жашырган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

"Ушул жылдын 20-июлунда Свердлов РИИБине А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 20-июлда саат 13:00 чамасында "Дордой" базарынан жабырлануучунун сумкасынан белгисиз жарандар 358 миң рубль акчасын уурдап кеткендиги жазылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1991-жылы туулган М.Д. аттуу кыз киши кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деди басма сөз кызматынан.

Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, анын жүргөн жери тууралуу маалыматты билгендер төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(550) 102-872, 0(554) 001-200 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.09.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чачындагы резинкасынан тааныйбызго ээ,козу жабык
05.09.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Историян олду
05.09.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бетин ачып коргозгуло да
05.09.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мадинаго.
05.09.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мотурайган ананайын!
05.09.2019. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анын жүргөн жери тууралуу маалымат бар менде. Ал убактылуу кармоочу жайда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: