Депутаттар контейнер-мектеп боюнча маселе көтөрүштү
Депутат Төрөбай Зулпукаров контейнер-мектеп маселеси боюнча өкмөт кандай чара көрө турганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Нарын облусундагы контейнер-мектеп жөнүндө өтө катуу талкуу жүрүп кетти. Бул боюнча кандай чара колдонулат? Мектепти ашар жолу менен курабыз деп чыккандар болду. 2016-жылы Сауд өнүктүрүү фонду 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар бөлгөн. Ага Жогорку Кеӊеш макулдугун берген болчу. Ошол акча ушул кезге чейин иштетилген жок. Өкмөт бул маселеге көӊүл буруп, мектептерди кура башташы керек", - дейт Зулпукаров.
Депутат Алтынбек Жунус уулу контейнер-мектептин курулушу убактылуу туура чечим деп эсептей турганын айтты. Ал тез арада мектеп салынышы керектигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Dembele84

05.09.2019. 09:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышка калбай жаны мектеп бутуро албаса,анда окмоттун кереги жок!
altyn-kumush

05.09.2019. 10:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаңы долбоор боюнча мам архитектура агенттиги иш алып бара баштаптыр. Буйруса Кеңеш айылынын мектеп окуучулар кышка калбай жаңы мектепке кирип калышар.
rafo80

06.09.2019. 04:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстан 45 күндө бир чооң Манас айылын бүтүрүп салды го. Кантип биздикилер бир мектеп бүтүрө албайт, тем более акчасы даяр болсо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.