Депутат: "Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулуштарын каржылоо маселеси созулууда. Мындан улам курулуштардын сапаты начар болуп жатат"
Социалдык объектилердин курулушу боюнча суроолор арбын. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда депутат Улан Пирматов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
"Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулуштарын каржылоо маселесин авгус-сентябрь айларына чейин созулуп келет. Мындан улам курулуштардын сапаты начар болууда. Алардын тизмесин апрель-май айларында эле бекитип, анан бир айдын ичинде тендерлерди өткөрүш керек. Азыр депутаттар тобу токтомдун долбоорун даярдап жатат. Өкмөт дагы мындай демилгени колдойт деген ойдомун", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.