super.kg logo

Акыйкатчы: "Алмазбек Атамбаевге да, аны кармоо операциясында спецназды атты деген шектүүгө да жолуктук"

 

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназды атты деп шектелип жаткан адамдын туугандары Акыйкатчы институтуна кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы акыйкатчы Токон Мамытовдон маалымат алды.

Анын айтымында, аталган институт шектүүнүн туугандарынын жазган арызынын үстүндө иштеп жатат.

"Биздин кызматкерлер кылмышка шектүү делген адам менен жолугуп келишти. Мындан тышкары, туугандары менен да сүйлөшүштү. Туугандарынын айтымында, Кой-Таштагы операция жүргүзүлгөндөн 2-3 күн мурун эле штабка айдоочу болуп ишке кирген экен. "Мен эч кимди тааный элек болчумун ал жерден. Автомат кармаганды да билбейм" деген сөздөрдү айтып берди.

Ал эми тергөөдө кысым, кыйноолор болбогондугун билдирди. Келе жаткан аптада дагы жолугуп сүйлөшөбүз. Кой-Таш боюнча кармалгандардын барына, Алмазбек Атамбаевден тартып шектүүгө чейин жолуктук", - деди Токон Мамытов.

Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.09.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автомат кармаганды билбесе демек Атамбаев озу аткан экен.
05.09.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш баланы каралабагыла да, автомат кармаганды да билбесе... Атамбаев мен аттым дебеди беле
05.09.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э штабынар менен силердин.Ошол штабдын келечеги жок экенин билип туруп неге барасаныр?Дагы айдоочу болуп штабга жумушка орношком деп.Вот эми атсан атпасан да жаман аттуу болосун!
05.09.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыйкатчы бардык адамдарга бирдей мамиле кылсын. Чындап ошондой болсо автомат атканды билбеген бала кантип жүрөкө таамай атат?
05.09.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик,байлык деп урушуп атышып мунун да убалына калышты.
05.09.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууру тойгуча уурдайт,өлгүчө карганат,аттыңбы атпадыңбы эми азабын тартасың,ошо туугандарың башында айтыш керек эле,жумушка кирбей алысырак жүр деп
05.09.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда башка бирөө атып бул кишиникаралап жаткан окшойт. Ушул жерде да Атамбаев өзүн ак көрсөткүсү келип жатат.
05.09.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев айтпады беел мен аттым деп
05.09.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спезназды биринчи ур токмоко алып кок ала кылып сабашып анан атып салышкан окшойт чамасы. Сууга алган адамдар айтышты кок болуп кеткен дешип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: