Бишкектеги баш аламандыкта банктын айнегин талкалаган. Шектүү катары 17 жаштагы кыз кармалды
9-августка караган түнү борбордогу баш аламандык учурунда коомдук тартипти бузуп, "Оптима Банктын" филиалынын эшигинин айнегин сындырган кыз кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, шектүү изделип жаткан.
Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган А.А. аттуу кыз кармалган. Учурда сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Атың чыкпаса банктын айнегин талкала болду го
Эми эмне кылып журду экен?