super.kg logo

Өкмөт Ирактагы кыргыз балдарын мекенге алып келүүнүн жолун айтты

 

Өкмөт Ирак Республикасындагы Кыргыз жарандарынын балдарын алып келүү маселесин иштеп чыкты.

Ага ылайык, Ирактагы пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар өз ара кызматташып, иш алып барууда. Бул иш вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында аткарылат.

"Ирактан жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумуш топ түзүлдү. Жакынкы арада тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды өлкөгө алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды. Мекемелер аралык жумуш топ тийиштүү квалификациялуу адистерди, психолог жана теологдорду тартуу менен балдарды калыбына келтирүү жана кайра интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты.

Мындан тышкары, Сирия, Араб Республикасынын аймагындагы Кыргыз жарандарынын жашаган жери тууралуу маалыматтарды, алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарылууда", - деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана Ирактын расмий бийлиги менен сүйлөшүүлөр премьер-министри Мухеммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: