super.kg logo

Президент Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Комил Рашидовду кабыл алды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз-Өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат. Ал Комил Рашидовго өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Комил Рашидовду премьер-министрдин кеңешчиси чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча департаменттин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана Кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшкөнгө түзүлгөн жагымдуу шарттар үчүн ыраазычылыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: