Таласта күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды
Таласта күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-сентябрь күнү саат 20:45те Талас облусунун аймагында күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3 жарым балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2 жарым баллга чейин сезилди", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.