super.kg logo

7-8-августта Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

 

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков комиссия мүчөлөрүн иштин регламенти жана жыйындын күн тартиби менен тааныштырды.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө комиссия Юстиция министрлигинин маалыматын укту.

Кийинки жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматы угулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: