super.kg logo

Үрөй учурган мушташта жабыркаган адамдын эжеси: "Эмнеге милиция маңдайында турган кылмышкердин колуна кишен салбайт?"

 

Бишкектин Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта жабыркагандардын эжеси Э.Б. кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИББине келгени боюнча SUPER.KG порталына пикирин билдирди. Анын айтымында, ал шектүүлөрдүн жазасыз калбоосу үчүн аягына чейин туруп, президентке да кайрылуу жолдойт.

"Эртең менен алардын өздөрүнүн милицияга келгендеги видеосун көрдүм. Өздөрү даярданып келген. Өздөрү "Жалбырак ТВны" алып барышкан болбосо таңкы саат беште "Жалбырак ТВ" кайдан угат? Эмнеге милиция маңдайында турган кылмышкердин колуна кишен салбайт? Логикалык жактан ойлонгон кишиге түшүнүктүү эле да. Агасы милиция болуп жүргөндөн кийин байланышы бар да алар менен. Өздөрүнүн айылында деле Бапышовдордун фамилиясын укканда элдин баары качышат экен.

Кармалбай эркиндикте жүрүшсө мени, баламды же күйөөмдү сабап өлтүрүп кетсе ага ким жооп берет? Алардын жазасыз калганынан. Жеке мен жабырлануучунун эжеси катары аягына чейин турам. Дагы бир жабырлануучунун туугандары деле аягына чейин турушса керек. Кечээ жабыркагандардын айылынан бери кишилер келип, кылмышкерлер табылсын деп жатышса, биз шектүүлөр менен кантип өз ара сүйлөшмөк элек. Мен азыр президентке да кайрылуу жазам, шектүүлөрдүн милицияга бүгүнкү келгенин кошуп жазайын деп жатам", - деди жабыркагандардын биринин эжеси Э.Б.

Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта жабырлануучуларды сабагандар кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирген.






Жалдагы үрөй учурган мушташ. Изделип жаткандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.09.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аягына чейин тургула,балдар сакайып ,Аман эсен чыгышсын деп кудайдан тилейли , кыргыздар.
06.09.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Болок жонокой уй булонун балдары болсо,бойрогун тушуро сабашмак менттер
06.09.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардын айынан 3 милиционерди жумуштан кетирди деген чын болду бекен.
06.09.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булар тоок урдагандарга кишен салат
06.09.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Колуна кишин салбай кайдыгер Караганы учун ошол Инспекторду дагы жоопко тартып иштен бошотуш керек мындай ишине кайдыгер Караган шалаакыларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: