"Кыргызстан" фракциясынан жаңы депутатка мандат тапшырылды
Бүгүн, 6-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Бектен Сыдыгалиевге мандат тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдирди.
Бектен Сыдыгалиев Насыр Мусаевдин ордуна келди. Насыр Мусаев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.
Сыдыгалиев мурда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Былтыр, 18-апрелде Насыр Мусаев Жогорку Кеңештин жыйынында ант берген. Ал депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Ант берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы менен келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.