super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги коомдук транспортко түшсөм пенсиялык күбөлүгүмдү эске албай, жол кирени толук төлөтүшөт" дейт аймактан келген окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Сулайка Сыдралиева аттуу пенсионер кайрылды. Айтымында, ал Чүй облусундагы Москва районундагы айылдан Бишкекке келгенде коомдук транспорттор пенсиялык күбөлүгү бар болсо да жол кирени толук алышат.

"Мен күбөлүгүмдү көрсөтсөм айдоочулар ичинде "шаар тургуну" деген белги болуш керек, сиздин күбөлүктө андай жок экен деп жол акыны толук алышат. Мен Кыргыз өлкөсүндөгү пенсионер болуп жатсам эмнеге шаарга келгенде бул макамым эске алынбай калат? Ушул маселени эл өкүлдөрүнө жеткирүү үчүн 3 айдан бери Жогорку Кеңешке кире албай жүрөм. Пенсиялык күбөлүгү бар пенсионерге өлкөнүн кайсы аймагында болбосун, коомдук транспорт төмөндөтүлгөн жол кирени алышы керек", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.09.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура көтөрүлгөн көйгөй экен. Чын да?! Шаардык песионерлер менен айылдык пенсионердин эмне айырмасы бар? Өмүр бою өлкө үчун эмгектенип эми эс алайын деген ардактуу кары адамдардан 5 сомду аябай эле койгулачы улуу урматтуу чиновниктер.
06.09.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айылдан келип жумуштарын бүтүрүп кайра кетишет да,айылда эшек менен атка көргөзмөк беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: