Бишкек ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болуп, 2 электрик ооруканага жеткирилди
Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык орун алды. Маалыматты "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан тастыктады.
Ага ылайык, ЖЭБдеги №7 турбинада өндүрүштүк кырсык болуп, 2 электрик күйүк алган.
"Жабыркаган электриктер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жеткирилди. Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Жарылган түтүк оңдолду, бул абал электр энергиясын өндүрүүгө тоскоол болбойт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.