super.kg logo

Зимбабвенин мурдагы президенти Роберт Мугабе 95 жашында дүйнө салды

 

Зимбабвенин мурдагы президенти Роберт Мугабе 95 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, ал оорусунан улам каза болгондугун анын үй-бүлөсү билдирди. Мугабе апрель айынан тарта Сингапурдагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

Мугабе Зимбабве өлкөсүн 1980-жылдан 2017-жылга чейин башкарып келген. 2017-жылдын 18-ноябрында Мугабенин башкаруусуна каршы массалык көтөрүлүш акциясы орун алган. 2017-жылдын 21-ноябрында Роберт Мугабе аскер күчтөрүнүн жана "ZANU-PF" (Зимбабве африкалык улуттук союз) партиясынын жетекчилигинин кысымынан улам отставкага кеткендиги маалым болгон.

Дээрлик 40 жылга чукул башкаруучу болгон саясатчы 1924-жылы 21-февралда төрөлгөн.

Мугабенин башкаруусунун акыркы жылдары коррупциянын жогорку көрсөткүчү жана адам укуктарынын бузулушу менен мүнөздөлүп келген.

Зимбабвенин учурдагы президенти Эммерсон Мнангагва Мугабенин өлүмүнө кейип тургандыгын билдирип, Мугабени "Зимбабвенин негиздөөчү атасы" жана "боштондуктун иконасы" деп атады.

Президент болгонго чейин Мнангагва Мугабенин орун басары кызматын аркалаган. Ал президенттик кызматка 2017-жылдагы аскердик төңкөрүштөн кийин келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: