Александр Крестинин эмне үчүн Кыргыз футболчулары Тажикстанга утулуп калгандыгы тууралуу айтып берди


















Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Тажикстан менен болгон оюн боюнча айтып берди. Кечээ, 5-сентябрда Катар-2022 мундиалына тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстан Кыргыз өлкөсүн 1:0 эсебинде жеңип алган.
"Тажик тарапты куттуктайм. Бизде оюн жүрүшкөн жок. Атаандаш жеңишке жакын болду. Азия Кубогунда ойногондой футбол көрсөтө алган жокпуз. Эмнеге мындай болду, аны териштиребиз. Курам боюнча айтсам, ким даяр болсо ошолор чыкты. Тажикстан менен ойногондой футбол жарабайт. Чабуулга туура эмес чыгып жаттык. Биринчи таймда оюнубуз такыр жүрүшкөн жок.
Биздин тайпада бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Оюндар алыскы жактарда болот. Бардык оюндар оңойго турбайт" - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Озгочо ыраазычылыгым Алимардон Шукуровго, молодец, хоть он немножко старался создавать атаки. А защитникам и остальным игрокам, аман эле болуп тургула да, пока вырастет следующие поколения.