Казакстанда 8-класстын окуучусуна футболдук дарбаза кулап каза болду
Казакстанда 8-класстын окуучусуна футболдук дарбаза кулап, ал каза болду. Окуя кечээ, 5-сентябрда Түркстан облусундагы Казынуртем районундагы мектептердин биринде катталган. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып жатышат.
Окуучу дене тарбия сабагы учурунда футболдук дарбазанын жанында топ менен ойноп жаткан. Ал ойноп жаткан учурда дарбаза баланы көздөй кулаган. Окуучу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, өспүрүмдүн өмүрүн дарыгерлер сактап кала алган эмес.
Каза болгон окуучу үй-бүлөсүндөгү эң кичүү бала болгон. Учурда жергиликтүү милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.