UFC: Салмакка ылайык келиши үчүн Хабиб Нурмагомедов жылаңачтанды (видео)

7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү БАЭнин Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өтөт. Анда эң башкы беттеште Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье кез келет.
Беттеш алдында эки спортчу орто салмак категориясынын салмагына (70,3 килограмм) туура келиши керек эле. 6-сентябрда эки мушкер беттеш алдында таразага түшүштү.
Хабиб салмакка туура келүүсү үчүн таразага жылаңач түшүүгө мажбур болду. 3 күн мурун орусиялык мушкердин салмагы 76 килограмм эле, бүгүнкү күндөгү салмагы орто салмак категориясына туура келди.
Анын атаандашы Дастин Порьенин салмагы да 70 килограммдан ашкан жок.
Хабиб салмакка ылайык келиши үчүн жылаңачтанды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Бойго келсек Хабиб Порьени проста как тренировкадагы спаринг катары ойноп күлүп утат деп ойлойм.