Кыргыз жана казак аскерлери Чоң-Кеминде машыгууларды өткөрүштү












Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын атайын даярдыктагы кошуундарынын Чоң-Кемин тоосунда биргелешкен тактикалык “Аныракай-2019” машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу Генералдык штаб маалымдады.
2-сентябрда башталган машыгууда өздүк курам теориялык, практикалык көнүгүүлөрдү өтүштү. Ошондой эле тоолуу жана атайын тактикалык, аскердик типографиялык жана байланышты радио аркылуу уюштуруу жана башка машыгууларды жүргүзүшкөн. Мындан тышкары машыгуунун планына ылайык, атайын багыттагы аскерлер Чоң-Кемин тоосундагы мыйзамсыз биргелешип куралданган күчтөр издөө иштерин жүргүзүштү.
Машыгуунун негизги максаты - атайын кошуундардын даярдыгын текшерүү жана биргелешкен операцияларды өткөрүүдө кыйынчылыктарды иштеп чыгуу болуп саналат.
“Аныракай” машыгуусу Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын коргоо ведомстволорунун планынын негизинде өттү. Бул машыгууга эки өлкөдөн 300гө жакын аскер кызматкерлери катышкан. Былтыркы жылы аталган машыгуу Казакстандын аймагында өткөн.
