super.kg logo

Кочкор-Жумгал унаа жолунда автокырсык болуп, 2 кытай жана 1 кыргыз жараны жаракат алды

 

7-августта саат 19:30 чамасында Нарындагы Кочкор районунун Чолпон айылында Митсубиси Пажеро унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып кырсыкка учурады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктан 3 адам жабыркады, алар: 1990-жылы туулган Мисте Ва Анту, 1974-жылы туулган Мисте Джо Юн аттуу кытай жарандары жана 1991-жылы туулган Манас Чымбердиев аттуу котормочу. Окуя болгон жерге Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркагандарды “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: