28-беттеште 28-жеңиш. Хабиб UFCнин абсолюттук чемпиону аталды (фото, видео)


















7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье БАЭнин Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында кез келди. Хабиб учурдагы жеңил салмактагы чемпион, ал эми Порье убактылуу чемпион эле.
Беттештин 3-раундунда Хабиб Порьенин муунтуу ыкмасынан бошонуп чыгып, кайра өзүн муунтууга жетишти. Жыйынтыгында Порье жеңилгенин билдирди. Орусиялык мушкер 28-беттешинде 28-жеңишине ээ болуп, жеңил салмактагы UFCнин абсолюттук чемпиону аталды.
Бул беттеш UFC 242 турниринин алкагындагы эң мыкты беттеш аталды.
Хабиб Порьени жеңип алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Диндеш бир тууганым