super.kg logo
  Саясат  

Декларация: ЖКнын депутаты Азамат Арапбаевдин бир жылда тапкан акчасы 62 миллион сом

 
Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев былтыр 62 737 566 сом киреше тапса, анын 811 628 сомун маяна катары парламенттен алган. Тапшырган декларациясында кыймылсыз мүлктөрү катары булар көрсөтүлөт: 1356,4 чарчы метр аянтты ээлеген база, 813,7 чарчы метр жерди ээлеген имарат, 350 чарчы метр жердеги унаага май куюучу станция (АЗС), 8206 чарчы метрлик жер тилкеси. Депутаттын минген унаасы 2010-жылы чыгарылган Лексус LX 570. Арапбаев "Даннур-Юг" компаниясынын ээси, ЮКСМ компаниясынын 50 пайыздык акциясына, "Алтын-Суу" компаниясынын кирешелеринин бир бөлүгүнө ээлик кылат (пайызы көрсөтүлгөн эмес). Депутаттын жакындарынын 852 чарчы метрлик жер тилкеси бар экени көрсөтүлүп, башка маалымат берилген эмес декларацияда.      





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: