super.kg logo

Үрөй учурган мушташ. Шектүүлөр эки айга камакка алынды

 

Бишкектеги Жал кичи районунда 2 жаранды чала жан кылып сабагандар эки айга камакка алынды. Мындай чечим 7-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сураган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.

Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.

Ленин райондук прокуратурасы бул окуядан кийин экипаждын 3, облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 1 кызматкерине кылмыш ишин козгогон. Анда милиция кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" беренелери менен шектелип жатканы маалымдалган.
5-сентябрда Ак Үйдүн астында митинг өтүп, ага Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташка кайдыгер карабаган адамдар жана жабырлануучулардын жакындары келген.
7-сентябрда шектүүлөр жактоочусу менен Бишкек ШИИББине өздөрү келишкен. Алар тергөө иштери аяктаганга чейин СИЗО-1ге киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
09.09.2019. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
2 ай деп эми сотун узартып отура берет элди алдап зоокурлорду коргоп куноолору полный далилденип турат сразу 20 жылга кесип салыш керек
09.09.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар адамдарды адам ордунда корбой калган экен коздорун май басып байкеси менен женеси органда иштеп экоонун айынан бир семьяны ырысы кыйылды силерди ото эркелетип койгон эрке талтанбайлар...
09.09.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул экоон мыкаачылык менен кордоп анан 30 жылдан кесип салса деле аздык кылчудай экен.
09.09.2019. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул зөкүрлөргө катуу наказания бериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: