super.kg logo

Орусияда бирдиктүү шайлоо күнү жыйынтыкталды

 

Орусияда бирдиктүү шайлоо күнү жыйынтыкталды. 8-сентябрда Орусиянын 85 аймагында губернаторлорду, мэрлерди жана жергиликтүү кеңештерди шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазышты.

Өлкөдө 16 губернатор, 22 аймактык борборлордо шаардык кеңештин депутаттары жана 3 аймакта билим берүүнүн муниципалдык башчыларын шайлоо болду. Ал эми Москвада шаардык кеңештин депутаттарын шайлашты. Жалпысынан 47 миң ар кандай даражадагы мандаттарга шайлоо өттү.

Шайлоо учурунда Москва шаарында электрондук системдин иштөөсүндө эки жолу бир канча саатка созулган мүчүлүштүктөр болгондугу айтылган. Андан сырткары, шайлоо учурунда бюллетендерди тобу менен таштоо жана эки байкоочуга кол салгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ошондой эле шайлоого катышкандардын саны былтыркыга салыштырмалуу аз болгондугу айтылууда. Учурда Орусиянын борбордук шайлоо комисиясы добуштарды санап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: