Ак-Босогодо унаа сүзүп кеткен аял 3 жаштагы баласы менен жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду
Ак-Босого жаңы конушунда жеңил унаа сүзүп, 6 жашар кызы каза болуп, 3 жаштагы баласы менен ооруканага түшкөн аял жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда эне менен баланын абалы туруктуу деп бааланууда.
Окуянын чоо-жайы:
4-сентябрда саат 18:45 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда айдоочу Профессор Зима көчөсүндө бара жатып, Архитектурная көчөсүнө бурулганда жөө өтмөктөн жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, айдоочу 41 жаштагы аялды 3 жана 6 жаштагы балдары менен сүзүп кеткен. Натыйжада аял жана 3 жаштагы бала "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алынып кетсе, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен.


1 |