Нарындагы контейнер мектептен окуучулар маданият үйүнө көчүрүлөт. Учурда ал имаратты даярдоо иштери жүрүүдө
Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы мектептин окуучулары башка имаратка көчүрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кеңеш айылынын башчысы Улан Алсеитов билдирди.
"Айылда имараты толук курулуп бүтө элек маданият үйү бар болчу. Учурда ал жерди окуучулдарды көчүрүп келүү үчүн даярдап, жылуулук берүү сыяктуу оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Аталган маданият үйүнө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өзү келип таанышып, көрүп кеткен. Сметасын тактап чыгуу тууралуу тапшырма болгон. Биз сметаны тактап жатабыз. Ал чечилсе окуучулар контейнер мектептен көчүрүлөт", - деди айыл башчы.
Белгилей кетсек, буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен.




1 |