Кыргыз Премьер-Лигасы: "Нефтчи" Кочкор-Атада "Алайды" жеңип алды

8-сентябрда Кыргыз Премьер-Лигасында Кочкор-Ата шаарында 20-турдук оюн болуп өттү. Анда жергиликтүү "Нефтчи" "Алайды" кабыл алды.
"Нефтчи" 1-таймда эки гол киргизе алган. Экинчи бөлүктө эки команда бири-бирине гол киргизе алышты, жыйынтыгында эсеп 3:1 менен аяктады. Бул жеңилүү менен "Алай" 1-орундан кол жуушу мүмкүн, 2-орунда келе жаткан "Дордойдун" карамагында эки ойноло элек оюну бар.
Ошондой эле Бишкек шаарында "Алга" өз үйүндө "Академия-Лидерди" 4:1 эсебинде жеңип алды. "Академия-Лидер" Ильич Иманбеков кырсыктан каза болгондон кийинки алгачкы оюнун өткөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.