super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Жакында саясатка кайтам. Бийлик менен биригүүгө даярмын"

 

Парламенттин мурдагы спикери Өмүрбек Текебаев жакын арада саясатка кайта тургандыгын жана азыркы бийлик менен биригүүгө даяр экенин билдирди. Мындай оюн ал Элгезит.кж басылмасына берген интервьюсунда айткан.

Өзүнүн маегинде саясатчы учурдагы эң башкы максаты - соттун акталды деген өкүмүн угуу экенин айткан. Тактап айтканда, юридикалык жактан да, саясий жактан да өзүн-өзү реабилитациялоо. Текебаев бул процесс канча убакытка созуларын билбей жатканын, бирок бул маселелерди чечүү үчүн жактоочулары менен анын үстүнөн иштеп жатканын айткан.

"Экинчиден, мен үй-бүлөлүк бактым менен рахаттанып жашайм. Үчүнчүдөн, саламаттыгыма кам көрүп, көңүл бурулбай жүрүп көбөйүп кеткен турмуш-тиричиликтеги маселелерге көңүл бурам. Мындан улам алдыдагы бир нече айларда саясатта активдүү боло албайм. Анын үстүнө соттун чечиминде менин эркиндигим бир кыйла чектелген.

Юридикалык, саясий жактан реабилитациялоо учурунда албетте, өлкөнүн саясатына катышып турам. Реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен кызматташууга даярмын. Кызматташуу деген - макулдашуу, биргеликте иш-аракет жасоо, компромисстер. Бул оор процесс. Эгер маанилүү маселелер боюнча компромисске бара албасак, бул боюнча мен сөзсүз өзүмдүн тарапташтарыма айтам. Өкмөттүн, парламенттин же президенттин катачылыгы эмнеде болуп жатканын көрсөтүп берем. Буга ишенсеңиздер болот", - деген ал өзүнүн маегинде.

Мындан тышкары, ал өзүнүн тарапташтарынын ага болгон ишенимин актоого аракет жасай тургандыгын белгилеген. Муну менен катар эле аны оор учурда колдогон тарапташтары, саясатчылар, журналисттер айтор бардык адамдарга ыраазы экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: