super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат? Бакиров: "Чакан Кыргыз мамлекетиндеги министрликти иликтеп, электен өткөрүү оор эмес"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.

SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ИИМдин катарын тазалоо үчүн системди өзгөртүп, жаңылык ачуунун кереги жок деген пикирде.

"ИИМдин катарын тазалоо үчүн сөзсүз түрдө системди өзгөртүп же жаңылык ачуунун кереги жок. Министрликте ички коопсуздук боюнча атайын кызмат бар. Аларда ал жерде иштеген кызматкерлер тууралуу маалыматтар бар. ИИМде армия чоң, бирок бардыгын иликтештин кажети жок. Чакан Кыргыз мамлекетиндеги министрликти иликтеп, ийне-жибине чейин электен өткөрүү оор эмес", - дейт Мирлан Бакиров






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: