super.kg logo
  Саясат  

Чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын жетекчилерин төрага кабыл алды

 
Жолугушуу учурунан
Мигранттардын медициналык жактан жаралып жаткан көйгөйлөрү да талкууланды
Чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын жетекчилери көйгөйлөрүн төрагага айтышты
Жолугушуунун акырында эстеликке сүрөткө түшүштү

Бүгүн, 8-августта Ак үйдө чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана «Замандаш» ассоциациясынын мүчөлөрү менен төрага Асылбек Жээнбековдун жолугушуусу болду. Анда төрага «Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси менен жана мусулмандардын Орозо айт майрамы менен куттуктап: «Чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештерибиздин кыргыз эли үчүн салымы чоң. «Замандаш» ассоциациясы мекендештерибиздин башын бириктиргени жана алардын укуктарын коргоп жатканы бизди кубандырат»- деди. Орусиядан жана Казакстандан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери өзүнүн ийгиликтери менен бөлүшүп, суроолору менен төрагага кайрылышты. Чет өлкөдө жашап келген мекендештер тарабынан Кыргызстандын миграция саясаты боюнча мамлекеттик концепция иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленип, мигранттардын медициналык жактан көйгөйлөрү, консулдук мекемелерди ачуу маселеси каралды. Өз кезегинде Асылбек Жээнбеков чет жакта эмгектенип жүргөн мекендештердин Кыргызстандын экономикасына кошкон салымын белгилеп, кыргыз диаспоралары тарабынан коюлган маселелерди кылдаттык менен карап чыгарын айтты. Ошондой эле мигранттардын медициналык коргоосу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө, консулдук мекемелерди ачуу аракеттерин жасоого убада берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: