Кара-Сууда окуучулар үч жылдан бери контейнер мектепте окушат
Кара-Суу районунун Миялы айылындагы мектептин башталгыч класстын окуучулары үч жылдан бери контейнер мектепте окушат. Анткени аталган айылдагы мектеп жер көчкүнүн кесепетинен жараксыз абалга келип, окуучулар чыгарылган.
Аталган мектеп тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйүнбай Исаков төмөнкүлөрдү айтып берди.
“Контейнер мектепте балдар окуп келе жатканына 3 жыл болуп калды. Себеби бул мектеп турган аймакка көчкү түшкөндүктөн “кызыл аймак” болуп эсептелинет. Көчкү болгондо ӨКМ ал жерден элди көчүргөн. Андан бери көп жыл өттү. Учурда аталган мектепте 18 бала билим алат. Алар башталгыч класстын окуучулары. Класстар толук эмес, балдардын саны аз. Ал эми жогорку класстар кошуна айылга барып окушат. Негизи айылда мектеп бар болчу. Жер титирөөнүн кесепетинен ал жерден окуучулар чыгарылып, ордуна контейнер коюлган”, - деди билим берүү бөлүмүнүн адиси.

Муну угуп
Чоңдор кандай акыбалда экен билбейм
Бирок мен кичине наамыстана уйалып турам ушундай акыбалга .
ылайым элдин убалы урсун жеп жутарлар кудай көрүп турат баарын