super.kg logo

Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүштү. 4 адам каза болуп, 7 адам жаракат алды (фото)

 

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам кырсык болгон жерде каза болду. Ал эми дагы 7 адам жаракат алганы айтылды. Маалымат толукталат деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Учурда кырсык болгон жерде жол кыймылынын кызматкерлери, ӨКМнын куткаруу кызматы жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 4 жаран кырсык болгон жерде каза болгонун, жана бир кыз оор абалда ооруканага алынып кеткенин, башка дагы жаракат алгандар бар экенин билдирди. Жеңил унаанын айдоочусу 17 жашта болгон.

Ошондой эле автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да жаракат алышкан.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө тактап айтканда, Киргизия-2 жаңы конушунун тушунда 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.09.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тобоо кылдым Аллахым бөдө кырсыктан сактасын жаш бала экен айдоочу жаткан жери жайлуу болсун жаман иш болуптур
09.09.2019. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаштар акырын айдасанар, азыр канынар кызуу, он жети жаш деген эмне, ата энеси кантти, аларга сабыр,кайрат тилеймин, кырсык менин коз алдымда болду, балдарым козун жаап, жол ачылгыча аран чыдадым, дале коз алдымда, аябай катуу айдап встречкага чыгып кетиптир
09.09.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, ата энесине, жакындарына сабыр, Кудай куноолорун кечирген болсун, тойго бара жаткан балдар деп уктум, дагы билбейм
09.09.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдарданын жаны чиркейдей эле болуп калды окшойт кундо авария кундо олум .Ушуну болтурбоо ишин юургузсо болот беле мамлекет аракет кылып.
09.09.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бейиштен орун берсин. Жаш балдар окшойт
09.09.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочу жаш бала экен, опыт жок да. Абайлап айдашса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: