super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер: "ИИМдин катарын тазалоо үчүн офицердик курамын ротация кылуу керек". КҮНСОБОЛ

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.

SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев азыр бул системди премьер-министр өзгөртө албай турганын айтты. "ИИМдин ичин кимдерден тазалай турганы мага түшүнүксүз. Уюшкан кылмышка мүчө болгон же болбосо алар менен кызматташкан адамдардан тазалаш керек. ИИМдин катарын тазалоонун оңой жолу бар. Офицер курамындагыларды ротация кылуу зарыл. Ошондо канчалык бир деңгээлде кылмыштын түрлөрү азаят. ИИМди эле эмес бардык күч органдарын эки жылдык мөөнөттө ротация кылуу шарт. ИИМдин катары кызматтан бошотуу менен тазаланбайт", - дейт Келдибаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: