super.kg logo

Канадада 13 жаштагы өспүрүм 27 жыл мурда жоголгон аял тууралуу иштин бетин ачты

 

Канададагы Ревелсток шаарында өспүрүм 27 жыл мурда дайынсыз жоголгон аялга таандык унааны таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, ушул жылдын август айында 13 жаштагы Макс аттуу өспүрүм апасы менен көлмөлөрдүн биринде кайык менен сүзүп жүргөн учурда, суунун түбүндөгү унааны байкап калган. Бул унаа 2009-жылы ушул аймакта болгон жол кырсыгы менен байланыштуу болсо керек деген ой менен алар жергиликтүү полиция кызматына кабарлашкан.

Эмне себептен жол кырсыгандагы унааны дагы деле алып чыга электигин сурашканда, полиция кызматкерлери таң калып, ал унаа эбак эле алынгандыгын айтышкан. 21-августта Револстоктун полиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, бирок күндүн чагылышуусунан улам суунун түбүндөгү унааны көрө алышкан эмес. Ошол учурда Макс суунун түбүнө чумкуп кирип, унааны сүрөткө тартып чыккан. 3 күндөн кийин полиция жана эвакуация кызматы суу астынан кара түстөгү Honda Accord үлгүсүндөгү унааны алып чыгышкан. Унаанын ичинен 70 жаштагы Жанет Фаррис аттуу айымдын сөөгү табылган. Жанет Фаррис 1992-жылдын күз айынан бери дайынсыз болуп келген. Фарристин уулунун айтымында, ал жол кырсыгынан улам жол четине чыгып кеткен же унаа башкарып бара жатып уктап кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоп келишкен.

Өспүрүмдүн апасы уулунун көп жылдар бою табышмак болуп жаткан иштин бетин ачууга себепкер болгондугуна сыймыктанарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
10.09.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ухххууууу ....... Дуйно кызыктарга бай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: