super.kg logo

"Жубайым тартуулаган жыпар жыттуу атырды себинип алып көчөгө чыктым" дейт 29 жашка толгон ырчы Нурлан Насип

 

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 29 жашка толду. Ырчы куттуктап жаткан бардык күйөрмандарына, досторуна ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.

"Түнкү саат 00:00дөн кийин чарчап келсем үйдөгүлөр куттуктайбыз деп күтүп отурушуптур. Бир туугандарым дагы топтолушуптур. Майрам түндө эле башталып, жубайым кымбат баалуу жыпар жыттуу атыр тартуулады. Азыр жумуштарым менен көчөгө чыгып баратып ошол жыпар жыттуу атырды себинип алдым.

Негизи туулган күнүмдү белгилейин деген планым жок болчу. Жашың улуулаган сайын убакыттын көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөң менен чогуу өткөргүң келе берет экен. Бирок досторум кечинде чакан кече өткөрөлү дешти. Ошондой эле социалдык тармак аркылуу куттуктап жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем", - дейт ал.

Нурлан Насип 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 9-класска чейин туулган айылында билим алып, кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган.

Ырчы 2018-жылы апрель айында 7 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кесиптеши, сүйүктүүсү Асел Кадырбековага баш кошкон. Таттуу түгөйлөр алгач калың элден бата алуу максатында той-концерт өткөрүшкөн. Ал эми заманбап үлпөт тоюн май айында өткөрүп, интернет айдыңында катуу талкууга алынган.

Түгөйлөр 2019-жылдын 27-мартында Дария аттуу кыздуу болушту.

10-сентябрдын жылнаамасы






Нурлан Насип: “Жубайым туулган күнүмө жыпар жыттуу атыр тартуулады“

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
10.09.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ай красапчииик.бактылуу бол
10.09.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апам сатып берген жун байпакты кийип деп кой анан.
10.09.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Асел айым уйдобу
10.09.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Asking-,Асел айым үйдө экенин айтуу үчүн, туулган күнү менен атырын шылтоо кылышты да. Чымчыктын да уясы бузулбасын.
10.09.2019. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жентек эмес жээнтек деп жазылат.Нурлан мн Асель ошого конул бурбадынарбы?
10.09.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Margo82,туура эле жазылган, "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө" "жентек - бала төрөлгөндө же төө тууганда элге той катарында берилүүчү сары май же кошкон май ж.б., даам-татым, тамак-аш" деп берилген.
Aitunuk түзөттү 2019-09-10 21:42:28
10.09.2019. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мурун жакшы жигит элең,айныдың акыркы убакта.
10.09.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото жакшы бала,Асель кадырлап,сыйлап алсын
11.09.2019. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асель кайнжуртту Сыйлап жоолук садынып Узун кийсен болмок. Кызымдай кором десе эле жыртайып алыш керекби!Келин деген статусуна ылайыктуу болсон
11.09.2019. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikana,Озун ошентип журоберда,башкага ичин куйбой)))
11.09.2019. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
patrol-kg, Анын ичи күйгөн жок, ал чындыкты жазып жатат, аны сага окшогон көкмээлер ичи күйдү деп түшүнүшөт кыска түшүнүгүндө)).
11.09.2019. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mikana, негизи ал кайненеден экен,,,менин 2 курбум тен келин болгон кундон баштап эле,жоолугунду чечип,узун халат кийбе дешкен,,,курбуларым алгач уялып аран журобуз деп журушту,,жоолук тагынсам урушуп атат апам деп......экоо тен жалгыз келиндер,кайнене кайнатасын аябай жакшы корушот,андыктан уй булоодонбу деп калдым
Nestana95 түзөттү 2019-09-11 03:08:59
11.09.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nestana95, Туура, кайненеси уруксат берсе болду да. Келин болдум деп эле узун халат жоолук салынып алыш керекпи. Кайын журту жакка барганда сонун эле болуп салынып журбойбу.
11.09.2019. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан Анжелика Самаралар, булардан кутула турган күн болоор бекен э? Булардын аажатканага барып эмне кылганын эле жазбасаңар атак бүт баарын жазып тажаттыңарго((((.
11.09.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чымчыктын да уясы бузулбасын дешет. Нурлан менен Асель бактылуу болушсун окул ата-апасындай болуп!
SUPER.KG видео
11.09.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А тузук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: