super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз алтындын" жетекчисин кызматтан алуу боюнча комитет чечим чыгарган. Ал биздин чечимди бейтарап эмес деп жооп берген"

 

"Кыргыз алтындын" жетекчисин кызматтан алуу боюнча комитет чечим чыгарган. Ал биздин чечимди бейтарап эмес деп жооп берген", - деп бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Өткөн жумада “Кыргыз алтындын” жетекчиси Алмаз Алимбеков жыйынга келбей калганда депутаттар сынга алышкан.

Алмаз Алимбеков бүгүн жыйынга келди. “Биз аны кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алсак, ал бизге сын-пикир менен жооп берген. Бул өкмөттүн катасы. Ал биздин чечимди бейтарап эмес деп сындап жатат. Өткөндө комитет жыйынына да келбей койду. Түшүнүк кат жазсын деп айтканбыз, аны да аткарган жок”, - деди Рыспаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Кыргыз алтындын” жетекчисин кызматтан алууну өкмөт чече турганын айтты.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Кыргыз алтындын” жетекчисинин ишмердүүлүгү боюнча маселени кийин өзүнчө карай турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: